16 жаштамын, паспорт алуу үчүн кандай документтерди топтошум керек?
// //
16 жаштамын, паспорт алуу үчүн кандай документтерди топтошум керек?
Маалымат мамлекеттик каттоо кызматынан алынды.
Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун 16 жашка толгондо ала аласыз.
Паспортту алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүк.
- Ата-энесинин же ата-энесинин бирөөсүнүн (экинчиси жок болгондо) паспорттору же арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн паспорттун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
- Ата-энесинин бирөөсү чет өлкөнүн жараны болсо, 16 жашка толгондугу туралуу жалпы жарандык паспорт алууга анын нотариус аркылуу бекитилген макулдугу.
- Анкета-арыз, аймактык каттоо кызматкери өзү тариздейт.
- Паспортту даярдоо үчүн төлөнгөн төлөмдөрдү тастыктаган квитанция.