// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Милиционерлер мага басым көрсөтүштү

Мен курсташым менен тил табыша албай, жекеме-жеке чыгып, мушташып кеттик. Ал болсо РИИБга менин үстүмөн арыз жазып коюптур. Милиционерлер мага басым жасашып, түрмөгө отургузуп коебуз деп коркута башташты. Алардын бирөө курсташымын ден-соолугуна оор залака келтиргеним үчүн атайлап ден-соолукка зыян келтирүү беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылаарымды айтты. Айта кетсем мушташуу учурунда курсташымды багынтуу үчүн колуна оорутуу ыкмасын колдонгом. Ал “болду, мага жетет” дегенинен улам токтогонбуз. Ошондой эле оорутуу ыкмасын колдонгонго чейин мен ага карата бир дагы сокку жасаган эмесмин. Мен анын колун сындырган дагы жокмун, себеби мушташуудан кийин ал ошол колу менен кол алышып, кийин сабакка киргенде дагы ошол колу менен жакшынакай эле жазып жаткан. Бирок милиционерлер тарабынан басым улана берди. Мен өз ара чечишип алуу үчүн курсташыма жолугуп, элдешүүгө белгилүү бир суммадагы акча бердим. Андан кийин ал РИИБдан арызын алды. Мен анын өзүнөн эч кандай жаракат албаганын, дарыгерге дагы кайрылбаганын билдим. Милиция ошондо мени тынч койду. Бирок ошентсе дагы конфликтин баштоочусу курсташым болчу. А мен болсо ага дагы акча төлөп бердим. Бул жерден акыйкаттыкты көрө алган жокмун. Мыйзамга ылайык бул маселе кандай каралат?

 

 

Эксперттин жообу
19.02.2018, 15:22

И. Элакунов

Адвокат

 

Сиз берген маалыматтарга таянып, төмөнкүдөй жыйынтыкка келсе болот. Ошол учурда сиз өзүңүздүн укугуңузду жана кызыкчылыктарыңызды коргоого, укук коргоо органдары тарабынан далилсиз басымга жана жабыркоочунун өз кызыкчылыгы үчүн далилдерди жазгырбашына жол бербөө үчүн адвокаттын жардамына кайрылышыңыз керек эле.

Эгерде сиз мушташуу учурунда курсташыңыздын ден-соолугуна кандайдыр бир залал келтирген болсоңуз, анда ал оор, орто же жеңил жаракат деп келтирилген зыяндын даражасына жараша бөлүнөт. Бул аракеттер кылмыш болгондуктан, айыпкер жоопкерчиликке тартылат.

Бирок бул кылмыштардын курамдары материлдык мүнөзгө ээ болгондуктан, ден-соолукка зыян келтирүү аракеттери жетишсиз. Ал үчүн ден-соолукка зыян тарткандын конкреттүү жыйынтыктары болушу керек, башкача айтканда дарыгер тарабынан аныктама берилиши шарт.

Жөнөкөйлөтүп айтканда, сизди жоопко тартуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинин негизи: дарыгер тарабынан күбөлөнгөн курсташыңыздын колунун жарактынын даражасынын далили болушу керек. Дал ушул далилдин негизинде ден-соолугун калыбына келтирүүгө, моралдык жактан зыян тарткан чыгымды төлөөгө болот.

Сиз айткандай курсташыңыз жаракат албаптыр, дарыгерлерге кайрылбаптыр, демек бул жерде кылмыштын негиздери, ден-соолукка зыян келтирүү боюнча жарандык-укутук милдеттеме дагы жок болгондуктан, сиз кылмыш жасабаган болосуз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт