// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Намыскөйлүк терс сапатпы?

Абдан намыскөймүн. Акыркы күндөрү ата-энем менен ушу сапатымдын айынан көп урушчу болдум. Мени башка адам менен салыштыргандары жакпайт. Кантип намыскөйлүктөн арылсам болот?

Эксперттин жообу
24.09.2018, 13:07

Ширин Амантурова

Психолог

Кымбаттуум, ар бир адам уникалдуу. Муну эсиңизден чыгарбаңыз.

Ата-эне баласынын акылдуу, билимдүү, мындайча айтканда кыйын адам болушун каалайт. Башкалардан мүнөзүңүз, кылык-жоруктарыңыз, келбетиңиз менен айырмаланып турарыңызды жакындарыңыз түшүнсө жакшы болмок. Башкаларга салыштырып, өзүңүзгө болгон бааны, ишеничти жоготуп жатышат.

Кантип күрөшүш керек?

  1. Өзүңүзгө болгон ишенимди жогорулатыңыз;
  2. Мотивация берген китептерди окуңуз;
  3. Хоббиңиз менен алектениңиз.

Намыскөйлүк сапатыңыздын кайсы бир учурда кереги тийсе, кээде тоскоолдук жаратаарын билдик.

Жакшылап ойлонуңузчу, жашооңуздагы эң сонун учурларды өткөрүп жаткан жоксузбу?

Эмоцияңызды, сезимдериңизди намыстанып билдире албаганыңыздын зыяны өзүңүзгө тийет. Сезимди, эмоцияны, таарынычты билдиргенди үйрөнүңүз. Жеңилдеп каласыз. Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт