Окуучу мугалиминин ар бир урушкан сөзүн угууга милдеттүүбү?
// //
Окуучу мугалиминин ар бир урушкан сөзүн угууга милдеттүүбү?
Рита Карасартова
Укук коргоочу
Урматтуу окурман, эгер мугалим жүйөөлүү себеп менен мыйзам чегинде урушса, албетте, угуп кою керек. Жөн эле угуу эмес, ошол сөздөн жыйынтык чыгара алсаңар андан да жакшы болот. Эгер мугалим кандай бир чектен чыкса, мектепт директоруна арыз жазып, далилсиз урушуп, кайра-кайра кыйкырып жатканын айтыңыз. Мугалим менен окуучунун ортосунда ишеним, жылуу мамиле болушу абзел. Уруштан тыянак чыкпайт.