// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Психолог болууну кыялданам

Азыркы учурда педагогикалык билим алып жатам. Бирок кичинемден психолог болууну самайм. Мындан аркы билимимди психология тармагында улап кетсем дейм. Азыртадан баштап кандай китептерди окусам туура болот. Психологдорго ыктыярдуу түрдө ассистент болсом болобу? Өзүмдү психология жаатында өнүктүргүм келет.   

Эксперттин жообу
20.09.2018, 12:22

Ширин Амантурова

Психолог

Саламатсызбы!  Психология илими биздин өлкөдө жаңыдан гана өнүгүп, элибизге эмиден гана жете баштады.

Психология башка кесиптер сыяктуу эле талыкпаган эмгекти, изденүүнү талап кылат. Сизде эң негизгиси каалоо болушу керек.

Магистратурага тапшырганча психологиялык тренингдерге барышыңызды сунуштайм. Практика жүзүндө иштеш үчүн теорияны билүү керек. “Общая психология” деген китепти алып окуңуз. Анан акырындап четинен керектүү китептерди ала берсиз.  Долбоорлорго иштегени аракет кылыңыз.

Эң негизгиси аракет кылып, өзүңүздү өнүктүрүңүз. Ойлогон максатыңызга жетишиңизге тилектешмин!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт