// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Аялыма оорум жугуп калбаса экен

Үйлөнгөнүмө 5 ай болду. Беш ай бою презервативи жок кошулабыз. Уруктугумду түшүрбөйм. Оору жугуу коркунучу барбы жана боюнда болуп калбайбы? 

Эксперттин жообу
19.09.2018, 12:36

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Урматтуу мырза, урукту сыртка түшүрүү табигый жол менен сактануунун бир түрүнө кирет. Бирок бул ыкмада бойдо болуп калуу коркунучу бар. Себеби бир-эки тамчы сперма түшүп калса эле, жубайыңыз  кош бойлуу болуп калат. Мындай жолду колдонгон эркек аябай тажрыйбалуу болушу керек. Ошондой эле мунун кепилдиги аз болгондуктан, башка ыкмага өткөнүңүз жакшы. Бир гана презерватив жыныстык жактан жугуштуу оорулардан жана бойдо болуудан сактайт. 

Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулар: https://bilesinbi.kg/article/169/

Сактануу каражаттары: https://bilesinbi.kg/article/135/

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт