// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Эрозиямын, төрөсөм болобу?

Үч айлык боюмда бар. Бир жарым жыл мурун төрөгөнүмдө “симфизит 5мм” болгон. Рентгенге түшсөм, бүтүптүр. Эрозиямды күйгүздүргөндөн аз өтпөй эле боюмда болуп калыптыр. Бир эже “Эки, үч жылдан кийин төрөш керек экен, толгоодо жатын ачылбай, кесераво менен төрөдүм” деди. Абдан коркуп, кыжаалат болуп жатам. Өзүм төрөй аламбы?  

Эксперттин жообу
18.09.2018, 13:18

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Урматтуу окурман, рентгенге түшүпсүз, жыйынтыгы жакшы экен. Кыжаалат болуп, куру ойго чөмүлбөңүз. Жатын моюнчасын кольпоскопия жасатып, убагы менен көзөмөлдөн  өтүп, дарыгердин айтканын аткарып турсаңыз өзүңүз төрөйсүз. Аман-эсен көз жарып алыңыз! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт