16 жаштамын. Жерге бир аз олтуруп кайра турсам башым айланып, көзүм караңгылайт. Бул эмнеден болушу мүмкүн?
// //
16 жаштамын. Жерге бир аз олтуруп кайра турсам башым айланып, көзүм караңгылайт. Бул эмнеден болушу мүмкүн?
Кадича Максутова
Терапевт
Окурман, олтуруп турганда көзүңүз караңгыласа бул “вегето-сосудистая дистония”. Дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, дары-дармектердин жардамы менен тамырларды бекемдесе болот. Эгер кан аздуулук жана жүрөк оору жок болсо неврологго кайрыласыз.
Телефонду убак сааты менен колдонуп, бир күндө 8 саат уктап мээни эс алдырып туруңуз. Туура тамактанып, спорт менен машыгыңыз. Бул кадамдар сизге жардамын берет. Ден-соолукта болуңуз!