Классташтарым мектепке саркеч кийимдерди кийип келишет. Мен да жакшынакай кийингим келет. Бирок ата-энемдин көп акча берүүгө шарты жок. Мектепте уялып жүрөм. Эмне кылсам болот?
// //
Классташтарым мектепке саркеч кийимдерди кийип келишет. Мен да жакшынакай кийингим келет. Бирок ата-энемдин көп акча берүүгө шарты жок. Мектепте уялып жүрөм. Эмне кылсам болот?
Тамар Воронцова
Психолог
Кымбаттуум, албетте дайыма саркеч жана жакшынакай болуп жүрүү керек. Ал үчүн өзүңүздүн сулуулугуңузга кам көрүүдөн баштаңыз. Териңизге, чачыңызга, колуңузга дегендей. Бул нерселерди эреже кылып алыңыз.
Азыркы убакта саркеч кийимдерди ар кандай баада сатып алса болот. Бренддердин оригиналдардан айырмаланбаган көчүрмөлөрү бар. Эгерде мектептен ак көйнөктү жакшынакай күрмө, жакет, свитшот же жилет менен кийип алсаңыз саркеч көрүнүп каласыз. Сиздин фишкаңыз же стилиңиз ак жака болсун. Стилистерде “эмне кийүүнү билбесең, жардамга ак көйнөк келет” деген пикир бар.
Дагы айта кетүүчү нерсе, биздеги жана дүйнөдөгү белгилүү адамдар жаш кезинде жетишпеген турмушта чоңоюшкан. Мындай турмуш көп нерсеге жетүүгө түрткү берет. Ата-энеңизге акча табууга жардам берсеңиз болот. Алсак, сатууга мүмкүн болгон кийим тиккенди, тамак бышырганды, кооз жасалгаларды жасаганды үйрөнүңүз. Бул нерсенин баары кийин жашооңузда керек болот. Баары жакшы болот. Сизге ийгилик каалайм!