// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жеңелер эки жүздүү болобу?

Жеңем менен тил табыша албайм. Апамдын көзүнчө башка, апам жокто башка адам. Кантсем болот?

Эксперттин жообу
05.09.2018, 12:45

Ширин Амантурова

Психолог

Урматтуу окурман, кыргыз элинде келин менен кайын журттун чиелешкен оор мамилеси көп кездешет. Сиздин үйүңүзгө келген жеңеңизди түшүнгөнгө аракет кылыңыз. Анткени ал өз ата-энесинен бөлүнүп, бөтөн бирөөнүн үйүндө жашап, кызмат кылып, ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн кылыктарын көтөрүп,  чоң стресске кабылып жатат. Мүмкүн жеңеңиз сиздин мүнөздү түшүнө албай жаткандыр. 

Эки жүздүү болуп кубулуп жаткандын да себеби бар. Аны өзүнөн сурап көрсөңүз болот. Эсиңизде болсун, уруш-талаш менен эч качан маселе чечилбейт. Тескерисинче, конфликтти күчөп, бири-бириңиздерге болгон сый-урматты жоголот.  Өзүңүздү жеңеңиздин ордуна коюп көрүп, түшүнүүгө аракет кылып, сизге болгон ишенимин арттырыңыз. Ийгилик сизге! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт