// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

16 жыл жашаган үйүбүздөн айрылганы турабыз

Үйүбүздү жерин саткан кишинин кызы талашып жатат. Жерди 16 000 сомго сатып алганбыз. Мурунку ээси саткандан кийин каза болуп калыптыр. Андан бери 16 жыл өттү. Эч ким бул убакытка чейин келген эмес. Жердин кызыл китебинде мурунку ээсинин аты-жөнү жазылуу экен. Ушул маалга чейин жер салыгын атам төлөйт. Кошуналардын баары биз тарапта. Эмне кылсак болот? 

Эксперттин жообу
05.09.2018, 12:05

Нурислам Раимжанов

Юрист

Окурман, сиздердин маселени чечүүнүн эки жолу бар.

1. Сот аркылуу. Алгач сизге өз ишин мыкты билген адвокат же юрист керек. Андан соң, сатып-алуу келишиминин болгондугун аныктоо боюнча сотко кайрыласыз. Юрист жерди сатып алганыңызды, 16 жылдан бери жашап, салыгын төлөп келгениңизди тастыктаса, сот "келишими болгон" деп чечимин чыгарат.  

2. Жердин мурунку ээсинин кызы аркылуу. Бул жол оңой болбойт, бирок аракет кылып көрүңүздөр. Кыз менен тил табышып, кагаз түрүндө келишим түзүп, атасынын жерин мурас катары кызга каттатып, кайрадан саттырып же сый менен берүүсүн суранасыз. Ошондо бул маселе чечилет.

Кайсыл жол сиздер үчүн ыңгайлуу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт