Көз жарганыма бир ай болуп калды. Аябай семирип кеттим. Эмне кылсам болот? Рахмат!
// //
Көз жарганыма бир ай болуп калды. Аябай семирип кеттим. Эмне кылсам болот? Рахмат!
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Төрөттөн кийинки салмак кошуунун себеби туура эмес тамактануу же стресс болуу. Балалуу болгонуңузга аз гана убакыт болуптур, эмчек эмизип, балага кам көрүп жатканыңыз өзүнчө бир түйшүк. Көп ойлонуп сана тарта бербеңиз, акырындап калыбыңызга келесиз. Көнүгүүнү, фитнести чилдеңиз чыккандан кийин баштаңыз. Көп кыймылдап, көбүрөөк күнүмдүк жумуш менен алек болуңуз. Балалуу болуу кандай сонун бакыт!