// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Карылар студент боло алабы?

28 жаштамын. Мектепти бүтүп окууга тапшыруу учурунда ата-энемдин каалоосу жана престиждүүлүгүнө карап, өзүмө кызыксыз кесипти тандагам. Окуп жаткан учурда окуумду таштап салгым келген. Бирок, апам "эл эмне дейт" окууну бүтүшүмдү талап кылган эле. Окуумду бүтүп, кесибим боюнча боюнча да иштедим. Бул нерсе мага ырахат тартуулабагандай. Ырдаганга,  элдин көңүл борборунда жүргөнгө кызыгам.  Кайрадан өзүм кызыккан тармактан билим алууга кеч эмеспи? Жолдошум мени колдойт. 

Эксперттин жообу
24.08.2018, 09:43

Саламатсызбы урматтуу окурман! Кайрадан өзүңүз каалаган тармактан билим алууга эч качан кеч болбойт. Анын үстүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамында билим алууга атайын чек коюлган эмес. 
Өмүрлүк жарыңыздын колдоосу болуп жатса, эңсеген кесибиңиздин ээси болуңуз. Билимдүү болууга жаш курак эч качан тоскоол болбошу керек. Сизге ийгилик каалайбыз! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт