Соттун 1 жылдык сынак мөөнөтү соңуна чыкты. Эми "соттолгон" дегенди жок кылып салса болобу? Эгер болсо каякка кайрылам? Алдын ала рахмат!
// //
Соттун 1 жылдык сынак мөөнөтү соңуна чыкты. Эми "соттолгон" дегенди жок кылып салса болобу? Эгер болсо каякка кайрылам? Алдын ала рахмат!
Нурислам Раимжанов
Юрист
Суроо берүүчү, мыйзам боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесинин 3-пунктунун 1-бөлүгүндө шарттуу соттолгон адамдын сынак мөөнөтү бүткөндө соттолгондугу жоюлуп кетет. Бирок, айрым мүчүлүштүктөрдөн улам сынак мөөнөтү буткөн адам "соттолгон" деген тизмеден чыкпай калышы мүмкүн. https://emvd.gov.kg/services/recordrequest/7 бул шилтемеге кирип сот тарабынан берилген сынактык мөөнөттүн бүткөндүгүн, соттолгондор тизмесинен чыккандыгыңызды билсеңиз болот. Ал үчүн өзүңүздүн даректи, ЖИН номерди белгилейсиз. Ал жерден сизге электрондук билдирүү келет. Ийгилик!