Саламатсыздарбы! Тез-тез цистит болом. Кандай ыкмаларды колдонсом болот? Дарыгерге кайрылгам, жыйынтык болгон жок.
// //
Саламатсыздарбы! Тез-тез цистит болом. Кандай ыкмаларды колдонсом болот? Дарыгерге кайрылгам, жыйынтык болгон жок.
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Окурман, жыныстык кошулуудан, сасык тумоолоп ооругандан, туура эмес тамактануудан жана муздак жерге олтуруудан табарсыктын сезгенүүсүнө (цистит) кабыласыз. Сөзсүз түрдө гинекологго же урологго көрүнүп, зааранын анализин тапшырыңыз. Дарыгерге бир ирээт кайрылып коюу менен ооруну жеңе албайсыз. Дагы бир жолу текшерилүүдөн өтүп, дарылануу курсун толук алыңыз. “Ден-соолук биринчи байлык”,- деген жакшы сөз бар.