// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жолдошум сойкуларга жакын

Эки ай мурун турмушка чыккам. Бул менин экинчи турмушум. Башында баары ойдогудай болчу. Бирок, жолдошум акыркы күндөрү өзгөрдү. "Мурунку аялым түшүмө кирип тынчтык бербей жатат",- дейт. Мага көңүл бурбайт, жадагалса мени менен бирге жаткысы келбейт. Сойкуларга бараарын дагы билип калдым. Мен аны сүйөм. Кантип оң жолго салсам болот? Кеңеш бериңиздерчи.  

Эксперттин жообу
20.08.2018, 09:19

Тынчтыкбек Бакытов

Психолог

Кутман таңыңыз менен урматтуу окурман! Учурда сиздин психологиялык абалыңыз начарлап, өзүңүздү начар сезишиңиз мүмкүн. Биринчиден күйөөңүз менен сүйлөшүп өзүңүздө болуп жаткан кабатырланууну айтышыңыз керек.  Ажырашуудан көп убакыт өтпөсө мурунку жашоосун унута албай жаткан чыгаар. Балким мурунку аялы менен болгон чыр-чатактардын чечилбей калганына кабатыр. 

Жолдошуңуздун сойкуларга барып жатканын кайдан билдиңиз? Мүмкүн бул ушактыр. Чын-төгүнүн жубайыңыздан сурап тактап көрүңүз. Ортодогу мамилени сактап калуу эки адамдын бирдей салымын талап кылат. Бирок, күйөөңүздүн орой мамилесине дагы чыдап олтура бербешиңиз керек.  Мен сизге психологго кайрылууну сунуштайм. Ийгилик сизге!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт