// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Фото сүрөтчү канча табат?

Кыргызстанда белгилүү фото сүрөтчүлөр барбы? Жана фото сүрөтчүлөр канча акча табышат?

 

Эксперттин жообу
12.02.2018, 15:53

Влад Ушаков

Кыргызстан фотожурналистер бирикмесинин негиздөөчүсү

 

Кыргызстанда азыр фото сүрөтчүлөр базары жаңыдан калыптанып келүүдө. Бизде талантуу жана кесипкөй фото сүрөтчүлөр абдан көп. Фотожурналистер айына орточо эсеп менен 200-500 доллар табышат. Ал эми үйлөнүү тойлорун тарткан фото сүрөтчүлөр бир тойдон эле 500-800 доллар акы алышат. Бирок азыркы тапта бизде фото сүрөтчүлөр үчүн базар кийинекей болгондуктан, сунуштар талаптан жогору. Кардар табуу үчүн болгон күч аракетиңди жумшоо керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт