// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Телефондогу сүйлөшүүлөрдү органдагылар тыңшайбы?

Ватсап жана уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүү менен жазышууларды органда иштегендер тыңшап, аңдыганга укуктары барбы? 

Эксперттин жообу
17.08.2018, 11:13

Нурислам Раимжанов

Юрист

Сурооңуз үчүн чоң рахмат! КРдын Конституциясынын 29-беренесинин, 2-бөлүмүндө «Ар бир адам кат-кабар алышууга, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук дагы бөлөк жол менен кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет» деп көрсөтүлгөн. Ушул эле берененин 3-бөлүмүндө «Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт» деп жазылган. Эгерде сиз кылмышкер болбосоңуз кабатыр болбой эле коюңуз.

Телефондорду тыңшоого кайсыл учурларда уруксат берилет деп кызыксаңыз бул шилтеме аркылуу кирип 188-беренени окуп чыгыңыз http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/9?cl=ru-ru.

Ишиңизге ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт