// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Кошунама үйлөнсөм өкүнбөймбү?

Болочоктогу жубайым кошунам. Мени ойго салганы өтө эле жакындык. Мындай маселе диний көз караш боюнча кандай?

Эксперттин жообу
15.08.2018, 11:40

Улан Усупов

Теолог

Урматтуу окурман, Пайгамбарыбыз: "Никелешип үйлөнгүлө, акыретте мен үммөттүмдүн көптүгү менен сыймыктанам, мактанам", - деп осуят кылган. Ак нике кыйылып, үйгө берекенин толгону жакшы эмеспи. "Нике - кайып" деп бекер жерден айтылбаган чыгар. "Кээ бирөө байлыгына, кээ бирөө сулуулугуна, кээ бирөө ата-тегине, ал эми кээ бирөө ыймандуулугуна карап үйлөнөт. Силер ыймандуу кызга үйлөнгүлө", - деп, Пайгамбарыбыз түтүн булатып үйлөнө турган жигиттерге наасат кылган. Коңшунун кызына баш кошоюн депсиз, буга шариятта эч кандай тоскоолдук жок. Үйлөнө берсең болот. Бирок элибизде: "Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт", - деп бекеринен айтылбаса керек. Муну кылымдардан бери калыптана келген элдик тарбия, жакшы адат десек туура болот. Андыктан, ага да маани бергенибиз жакшыраак. Болбосо, үй-бүлө кургандан соң алысыраак жашап, келип-кетип сый болгонуңар дурус. Турмуш жолунда казан-аяк кагышат, турмуштун ачуу-таттуусу болот. Ошондой учурда ата-энесинин, бир туугандарынын кабары болуп турса бактылуу болуп жашап кетүү оор болуп калат. Үй-бүлөдө өйдө-ылдый болгон учурда ал үйдөн сырткары чыкпай, эки жаш бири-бирине кечиримдүү, сабырдуу болуп, үй-бүлөлүк кризисти түшүнүү, бири-бирине болгон сүйүү жана урмат-сый менен чече билүүсү абзел.  Ата-эне, көптү көргөн, билген инсандар менен кеңешип, андан кийин туура чечим кабыл алууңузду сунуштайм. Акыл калчап бул маселени чечиңиз. Сизге ийгилик!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт