// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Атам талаага таштап кетти

   

16 жаштамын. Менден кийинки карындашым 14, иним 10, кичүүбүз 8 жашта. Атам 2013-жылы үйүбүздү сатып туруп таштап кеткен. Апам жалгыз иштейт. Биз батирде турабыз. Атам алиментти 5 жылдан бери бере элек. Кантип алсак болот? Сиздерден суранаарым, ушул көйгөй тууралуу жардам бериңиздерчи! 

Эксперттин жообу
15.08.2018, 10:59

Нурислам Раимжанов

Юрист

Кутман күнүңүз менен! Алимент өндүрүп алуу боюнча соттун чечими чыкканбы? Эгер чечим чыгып төлөбөй жатса сот аткаруучуларга кайрыласыздар. Алар алиментти өндүрүп беришет. Эгер алимент өндүрүү боюнча чечим жок болсо, сотко арыз менен кайрылыңыздар. Алимент өндүрүп алуу жол-жоболору: https://bilesinbi.kg/article/156/

 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
15.08.2018, 12:57

Менин биринчи турмушумдан бир кызым бар ал жолдошум Россия жергесинде кылмыш кылып камалып кетиптир....Мыйзамдуу турдо ажырашканбыз бирок кызымдын фамилясы атасынын атында...эми чет жерге алып чыга аламбы кызымды?жана камалып кеткендиги учун аталык укугунан ажыратсам болобу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт