// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жигиттер мени таштап кете берет

17 жаштамын. Быйыл мектепти бүттүм. Бир жылдан бери өзүмө-өзүм түшүнбөй жатам. Мүнөзүм өзгөрдү. Жалгыз калганда, зээриккенде кыжаалат болуп кыйналам. Сүйлөшкөн жигиттерим менен 2-3 ай гана мамиле курам. Эмне себептен мындай болот? Түшүнө албай жүрөм. Жеңилдегим келет. Кеңеш беринизчи!

Эксперттин жообу
13.08.2018, 14:27

Динара Асанова

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен! Сиз сүрөттөп берген жандүйнөңүздүн абалы, жаш курагыңыздагы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Айланыңызды караңызчы.  Убакытты кызыктуу кылып өткөргөнгө канчалаган мүмкүнчүлүктөр бар. Досторуңуз менен ойноп-күлүңүз, жашооңузду шаңга толтуруңуз, жалгыз калбоого аракет кылыңыз.

Жигиттер менен болгон мамилени козгосок. Кыз-жигит мамилеси токтосо сөзсүз эле сиз күнөөлүү болбойсуз. Кээ бир адамдар мамилени узакка кура алышпайт. Мунун себеби көп. Мисалга, бала кездеги психологиялык жаракат. Мындай жаракат алган адамдар, өмүр бою бир адамдан экинчисине кете берет (өзү ойлонуп бир тыянакка келмейинче).

Ойлонуп, изилдеп көрүңүзчү. Жигиттер менен мамиле түзүү сиз үчүн өтө маанилүүбү? Кандайдыр бир коркунучтар барбы? Өзүңүздү төмөн баалайсызбы?

Жигит тапканга көп аракетиңизди, убакытыңызды жумшабаңыз. Бала менен мамиле түзүүнү аңдыган сайын алар качат. Андан көрө билим алып, ийгиликтүү карьера куруп, өзүңүзгө болгон ишенимди жогорулатып, өзүңүздү сүйгөндү үйрөнүңүз. Сиз азыр жашсыз. Мамиле курганга жетишесиз. Бактылуу болуу үчүн сөзсүз жигит керек эмес.

Бул жаатта психологдордун жардамына дагы кайрылсаңыз болот. Билим алууда ийгиликтерди каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт