// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Сүйүү жашка карайбы?

Сүйгөн кызым бар. Ал экөөбүздүн мамилебиз туруктуу. Мен аны, ал мени сүйөт. Бирок ата-энем мамилебизге каршы. Себеби кыз менден бир жашка улуу. Эне-атамдын сөзүн эки кыла албайм. Кандай кылсам болот? Мамилемди үзөмбү?

Эксперттин жообу
10.08.2018, 11:04

Динара Асанова

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен! Биринчиден, махабатыңызды жоолуктурганыңыз менен куттуктайм! Тилекке каршы, көбүнчө ата-энелер жашоону балдарынан жакшы билебиз деп ойлойт. Бирок, алар адашат. Эң башкысы жүрөгүңүздү угуңуз. Эгерде жашооңузду ал кызсыз элестете албасаңыз баш кошуңуз, балалуу болуңуз. Убакыттын өтүшү менен сизди түшүнүшүп, келинчегиңизди кабыл алышат. Ата-энеңизге кызга болгон сезимиңизди ачык айтып, өздөрүнүн жаш кезин эстетип, алар жаңы үйлөнгөндө кандай сезимдер болгонун сураңыз.

Кокус баш кошуп калсаңыз башында өзүнчө жашап (албетте ата-энеңиз менен жакшы мамиледе болуп, бат-бат акыбалын сурап) турганыңыз дурус болот. Келинчегиңиздин терс жактарын эч качан сөз кылбаңыз. Болбосо "мына, биз айтпадык беле сага" деген сөздөрдү угуп калышыңыз мүмкүн.  

Ата-энеңиз менен ачык-айкын сүйлөшүүдөн качпаңыз. Ортоңордогу бир жаш айырма жөн эле шылтоодур. Мүмкүн сизге айтылбаган башка жагдайлар бардыр. Бул сиздин жашооңуз, өзүңүз гана чечим кабыл алышыңыз керек. Бактылуу болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт