// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Көчмөндөр оюнуна ыктыярчы боло аламбы?

Саламатсызбы! 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна ыктыярчы болгум келет. Англис тилин жакшы билем. Ыктыярчыларды кабыл алабы азыр?  

Эксперттин жообу
08.08.2018, 16:48

Союзбек Надырбеков

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштуруу катчылыгынын инфраструктура боюнча координатору 

Урматтуу окурман, бизде ыктыярчылар жетиштүү. Сиз ыктыярчы болуу үчүн каттоодон өтүшүңүз керек болчу. Азыр кечигип калдыңыз. Эгер ыктыярчынын орду кандайдыр бир себептер менен бошосо, резервден алынат. Ар бир ыктыярчыны УКМК текшерип, бекитип берген. Каттоодо жокту ала албайбыз. Буюруса, кийинки оюнга каттоодон кечикпей өтөсүз деп ишенем. Ийгилик! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт