// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Үйдө олтуруп акча тапса болобу?

Саламатсызбы! “Глобус” компаниясы тууралуу маалымат бересиздерби? Үйдө олтуруп эле акча тапсаң болот дейт. Иштесе эч кандай зыяны жокпу?

Эксперттин жообу
08.08.2018, 11:07

Нурислам Раимжанов

Юрист 

Кутман күнүңүз менен! Окурман, сиз сурап жаткан “Глобус” компаниясынын толук аталышы ЖЧК ГЛОБУС ИНТЕРКОМ. Бул компания Украина Республикасында катталган. Украинанын Юстиция министирлигинин жеке сайтында компания 2013-жылы каттоодон өткөн.  ЖЧК ГЛОБУС ИНТЕРКОМдун максаты элге жарнама жеткирип, алардын көрүүсү менен катталуучуларына акча таап берүү.  https://usr.minjust.gov.ua/ua/freesearch

Мен юрист катары бул компаниядан эч кандай мыйзам бузууну көргөн жокмун. Бирок, компаниянын жеке сайтында ишкананын милдетинен укугу көп. Иштөө же иштебей коюу ар бир жарандын өз укугу. Эгер сизден эч кандай акча талап кылбаса, иштеп көрсөңүз болот. Катталуу учурунда өзүңүздүн жеке маалыматтыңыздын баарын бересиз. Бул жагын дагы ойлонуңуз. Сизге ийгилик каалайм! 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт