Төрөгөнүмө үч ай болду. Жатынымды чоң эт тосуп калгандай. Кошулганда оорутат, кызарып шишип кетет. Суюктук көп келип, заарамды кармай албай калам. Эмнеден болушу мүмкүн?
// //
Төрөгөнүмө үч ай болду. Жатынымды чоң эт тосуп калгандай. Кошулганда оорутат, кызарып шишип кетет. Суюктук көп келип, заарамды кармай албай калам. Эмнеден болушу мүмкүн?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Кызым, айткан белгилериңе караганда төрөттөн кийинки сезгенүү бар. Эт тосуп тургандай туюлганы - жатын моюнчасынын бир аз төмөндөп калганы. Ошондуктан жыныс булчуңдарың бошоп, заараны кармай албай жатасың. Калыбына келтирүү үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасашың керек. Тезинен дарыгерге кайрылып дарылан!