// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Үнү жоктор ырдаса болобу?

Мен аябай ырдагым келет. Бирок үнүм жаман. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
02.08.2018, 13:19

Наргиза Ташибаева 

Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын мүдүр орун басары  

Музыкага кызыксаңыз биздин окуу жайга келиңиз. Өз ишин мыкты билген кесипкөй мугалимдерибиз үнүңүздү, музыкалык угууңузду(слухуңузду), эс тутумуңузду жана ритмди текшерип беришет. Кааласаңыз азыр деле келсеңиз болот. Кызыгууңуз болсо абдан жакшы. Билинбегени менен кыйын чыга турган үндөр болот. Бизде музыкага угуусу жок бир бала окуп кеткен. Азыр ал Флоренцияда окуйт. Демек, угууну таптаса болот, эч кандай тоскоолдук жок. Андыктан чечим өз колуңузда.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт