Курбум 19 жашта. 10 күн мурун жигити менен жыныстык катнашта болуптур. Боюнда болбогонун качан билсе болот?
// //
Курбум 19 жашта. 10 күн мурун жигити менен жыныстык катнашта болуптур. Боюнда болбогонун качан билсе болот?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу окурман, курбуңузга айтыңыз, эгер менструациясы убагынан 3-4 күн кармалса, тест салып көрсүн. Тесттен эки сызык чыкса кош бойлуу, бир сызык болсо боюнда жок. Жыныстык катнаш учурунда сактануу болбосо ар кандай инфекциялар жугушу толук ыктымал. Андыктан, дос кызыңызга гинекологдун көзөмөлүнөн өтүшү керектигин дагы кабарлаңыз.
Сактануу каражаттары: https://bilesinbi.kg/article/135/
Жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулар: https://bilesinbi.kg/article/169/