// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

17 жашта турмушка чыкса болобу?

17 жаштамын. Жигитим 1992-жылкы. Ал менин колумду сурап,  күзүндө үйлөнөлү деп жатат. Эгер менин ата-энем макул болбосо, "алып качам" дейт. Ала качып кетсе соттолуп кетпейби? Менин жашымда турмушка чыкса болобу?

Эксперттин жообу
24.07.2018, 10:14

Гүлбарчын Жумабаева

Никелер жана зомбулук боюнча эксперт

Урматтуу окурман, 17 жашта экенсиз. КРнын Үй-бүлө кодексине ылайык, никелешүүгө 18 жашка толук толгондон кийин уруксат берилет. Эгер жигитиңиз ата-энесин кудалашканга жиберип, ата-энеңиз уруксат берсе, анда ата-энеңиз, жигитиңиз, нике кыйган молдо КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 155-1-беренесине ылайык 3-5 жылга чейин эркинен ажыратылат (никелешүү жаш-курагын бузганы үчүн). Ал эми ала качып кетсе, жашы жете элек өспүрүмдү ала качкандыгы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесине ылайык 7-10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ойлонуңуз, кыздар 16-17, ал тургай 18-19 жаш курактарында турмушка чыккан учурда дагы, мындай никелердин көбү ажырашуу менен аяктап жатат.

Жашсыз, организм бала төрөөгө даяр эмес. Жогорку билимиңиз жок дайыма материалдык жактан көз каранды болосуз. Үй-бүлөлүк зомбулукка душаар болушуңуз ыктымал. Сүйүү, азыркы ысык сезимдер дагы тарайт. Сиз азыр сыйлуу кыз болсоңуз, күйөөгө тийгенде келин деген макам берилет. Бул деген кайын-журт, күйөө сизден кызмат кылышты, төрөп берүүнү талап кылат. Мунун баарын көтөрө албай психикаңыз жабыркашы мүмкүн. Ойноп күлүп, билим алып, жер көрүп жаштыктын даамын тата турган учурда бул нерсе сизге керекпи? Көп кыздар эрте турмушка чыккандан кийин, бир-эки баласы менен ажырашып бараарга жери жок ыйлап калып жатышат. Жигитиңиз  чындап сүйсө,  сизди эрте турмуш курууга мажбурлабашы керек. 20 жаштан ашып, акыл токтотуп,  чыныгы сүйүүнү жолуктуруп, анан турмуш курса, үй-бүлө бекем болот.

 

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт