// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Боюмдагы баланы таштоого мажбурмун

Экинчи күйөөм менен 3 ай жашап ажыраштым. Боюмда бар. Баламды төрөгөндө атасына берип,  5-6 жылдан кийин сот аркылуу кайрып алсам болобу? Иштеп, үй алайын деген пландарым бар эле.

Эксперттин жообу
19.07.2018, 13:33

Назира Абдумуминова

Юрист

Урматтуу айым, азыр болот же болбойт деп айтуу кыйын. Сиз жаңы төрөлгөн баланы атасына таштап коюп, 5-6 жыл каралашпай иштеп, үй алып, балаңыз мектеп курагына келгенде сот аркылуу алам деп жатасыз. Баланы багып чоңойткон атасынын да ага өз милдети, укугу болот. Мындай маселени ошол учурда сот гана чече алат. Жакшылап ойлонуңуз. Жакындарыңыз менен кеңешүүнү унутпаңыз. 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт