Атам күндө ичет. Түнү менен уктабай жаңжал чыгарат. Себепсиз бизге кол көтөрүп, оозго келбес сөздөр менен каргайт. Мас абалындагы адамдын каргышы тиеби?
// //
Атам күндө ичет. Түнү менен уктабай жаңжал чыгарат. Себепсиз бизге кол көтөрүп, оозго келбес сөздөр менен каргайт. Мас абалындагы адамдын каргышы тиеби?
Улан Усупов
Теолог
Урматтуу окурман, мас адамдын каргышы тийбейт. Тескерисинче, мас адам каргыш айтканы үчүн эки эсе күнөөгө батат. Бирок, атаң болгондуктан, анын айткандарына дайыма сабырдуу, кечиримдүү боло бил. Шартка карап, ичкиликке берилип кеткендерди дарылоочу наркологиялык борборлорго кайрылгыла. Колуңуздан келишинче атаңызды ыймандуу инсандарга аралаштырууга аракет жасаңыз!