Жакында Түркияга иштеп келейин деп жатам. Документтерим, акчаларым даяр. Кайрылган агенттикке толук ишенбейм. Алардын легалдуу экенин кантип билсем болот? Алдап барып, акчамды алып, сатып жиберсе эмне кылам деп корком.
// //

Бакытбек Жолчуев
Мамэкотехинспекциянын эмгекти жана эмгек мамилелерин коргоо бөлүмүнүн башчысы
Урматтуу окурман, ишенимдүү агенттикпи же жокпу деп кабатырланып жатканыңыз эң туура. Көптөрү өздөрүнчө иш алып барып, жаман нерселерди жасап жатышат. Биринчи лицензиясын караңыз. Себеби расмий иштеп жаткандары КР миграция кызматынан жана Эмгек министрлигинен каттоодон өтүп, лицензия алышат. Чынында эле лицензиялары каттоодон өткөнбү же жокпу билүү үчүн, миграция кызматына чалыңыз. Баарын текшерип алып анан кетиңиз. Ийгилик сизге!