Биз 5 балабыз, Россия жараныбыз. Москва шаарында Ильюшина атындагы авиациялык борбордо, башкача айтканда самолёт заводдо ремонт иштерин кылып ири суммадагы акчабызды ала албай калдык. Биз иштеген фирма банкрот болуп, фирмасын жаап салды. Сотко кайрылдык, бир жылдан бери жооп жок. Бир катабыз келишим түзгөн эмеспиз. Бирок ошол заводго кирген чыккандарыбыз архивде сакталуу болсо керек. Кандай кылып кимге кайрылсак болот?