// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Таенем көргүлүктү көрсөттү

Быйыл 10-классты аяктадым. Апам 2-классымда каза болгон. Атам бизди карабайт, катташпайбыз. Таенемдин колунда чоңоюп, өстүм. Кийинчерээк  апамдын бакма кыз экенин билдим. Таенем дайыма жемелеп, баарына чыдаганга аракет кылсам дагы күн көрсөтпөйт. Ар кайсы шылтоону табып урушат. Ушунчалык тажадым, жашагым келбейт.

Эксперттин жообу
12.07.2018, 15:57

Тынчтыкбек Бакытов

Психолог

Урматтуу окурман, сизди түшүнүп турам. Абал абдан оор экен. Эң негизгиси жалгыз эместигиңизди билишиңиз керек. Сизге жардам берчү адамдар бар.  

Апаңызды жоготконуңуз жашооңуздагы абдан оор этаптардын бири. Ага карабастан баардыгына чыдап келгениңиз чоң эрктүүлүктүн белгиси. Сиз атаңыз менен катташкыңыз келсе ага кат жөнөтүңүз же болбосо айыл өкмөтү аркылуу жардам сурасаңыз да болот. Алдыда жакшы күндөр күтүп турат, ошондуктан капаланбай алдыга болгон пландарыңызды жазып, кайсыл оку жайга барарыңызды тандап, келечекке кадам таштаганга даярданыңыз.

Сизге жардам берчү психологдор жана социалдык кызматкерлер менен байланышыңыз:

Балдарды коргоо лигасынын ишеним телефону - 0(312) 66 25 87

Балдар учун ишеним телефону-111 (чалуу акысыз).

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт