// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Апамдан үйдү кантип алам?

Үйүбүз апамдын атында. Апам мага өткөрүп берем деп жатат. Бирок азыр ал Россияда. Апам Кыргызстанга келбей туруп мага өткөрүп бере алабы? Кандай документтер керек?

Эксперттин жообу
11.07.2018, 15:28

Мамлекеттик каттоо кызматы

Саламатсызбы! Апаңыз үйдү сизге өткөрүп бере турган болсо, төмөнкү документтер топтомун чогултуңуз:

  • Ишеним кагаз;
  • Ишеним тараптын паспорту;
  • Үй-бүлөлүк абалы тууралуу арыз (ишеним кагаз менен нотариустан толтурулат);
  • Үйүңүздөрдүн документи ( техникалык паспорт, жер бөлүп берүү боюнча токтом, соода-сатык келишими, мураска укуктуу экенин көрсөткөн күбөлүк, белек кылып берүү актысы ж.б. – оригиналдар);
  • Сатып алуучунун паспорту;

Үйдү сизге каттоо Мамлекеттик каттоо кызматында жүргүзүлөт. Эгерде апаңыз Россиядан келе албаса, сизге ишеним катын жазып, нотариустан күбөлөндүрүп жиберип койсо болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт