Мени эки жолу ала качышкан. Экөөндө тең олтурбай кетип калдым. Эми болсо күйөөгө тийбей каламбы деп чочулап жатам.
// //
Мени эки жолу ала качышкан. Экөөндө тең олтурбай кетип калдым. Эми болсо күйөөгө тийбей каламбы деп чочулап жатам.
Гүлбарчын Жумабаева
Никелер жана зомбулук боюнча эксперт
Урматтуу окурман! Ала качып кетүү - бул кылмыш. Ала качкандарга Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинде жаза жоопкерчилиги каралган. Ала качуу-бул эркиндикти чектеп, мажбурлап никеге тургузуу экенин билсеңиз керек. Биринчи түн зордуктоо менен коштолот. Статистикага ылайык, мындай тагдырга кабылган аялдардын көпчүлүгү ичиндеги өкүнүү менен жашайт, ажырашуу менен коштолот, балдары толук эмес үй-бүлөдө өсөт. Сиз болсо, мунун баарына жок дедиңиз, азаматсыз!
Кетип калганыңыз үчүн өкүнбөңүз жана эми күйөөгө тийбей каламынбы деп дагы ойлонбоңуз. Коркконуңуздун себеби, жүрүм-турумдун эски эрежелерине, жок нерселерге негизделген стереотиптерге баш ийип жатканыңызда. "Олтурбай кетип калса, күйөөгө тийбей калышы мүмкүн"-деген стереотиптик көз караш, сизге таасир берип жатат. Кыздардын көбү ушуга баш ийип, бактысыз болуп, жубайын эркин тандоо укугунан ажырап келишет. Эч өкүнбөңүз "мен бактылуу болом, өмүрдө мага чыныгы бакытты тартуулай турган таяныч, балдарыма мыкты ата боло турган түгөйүмдү сөзсүз жоолуктурам" деп ишениңиз. Балким ала качканда калып калсаңыз, өмүр бою бактысыз болуп калмаксыз.
Ар бир адам жубайын эркин тандоо укугу бар!