Мен келечекте депутат болуп элиме кызматымды көрсөткүм келет. Бирок, тааныштарым: “Депутаттык мандатты сатып алуу үчүн 500 миң доллар керек, сенде кайдагы акча”- дешет. Чындап эле мандатты сатып алышабы?
// //

Алмамбет Шыкмаматов
Депутат
Урматтуу окурман, сиз жаңылыш маалымат угуптурсуз. Депутаттык мандат сатылат деген карандай калп. Шайлоо дүйнөдөгү кымбат иш чаралардын бири. Жарнамага, жолугушууларга, үгүттөөчүлөргө жана башка чыгымдарга каражат кетет. Чыгым менен “сатып алат” дегендин айрымасы бар, эстүү адам түшүнөт. Элибизге кызмат кылам дегениңиз абдан жакшы. Эч кимдин сөзүн укпай, өз жолуңуздан тайбай, максатыңызга түз багыт ала бериңиз.