Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Сиңдиме кантип жардам берем?

Апам кичинекейибизде каза болгон. Бир сиңдим бар. Атам башка аял алды. Убакыттын өтушү менен 3 балалуу болушту. Мен турмушка чыккам. Сиңдим азыр 9-класста окуйт. Аябай жүдөп кетти. Себеби өгөй энебиз ага күн көргөзбөйт. Атам болсо, бизге эч эле көңүл бурбай калган. Аялы бизди атама жамандай берип, бизден алыстатты. Сиңдим өзүн өлтүрүүгө чейин барган. Өгөй энеме айтайын десем, сиңдим “Айтпаңыз, сиз жокто мени кыйнайт” дейт.  Кантип сиңдиме жардам бере алам?

Эксперттин жообу
A
Asel
05.07.2018, 09:32

Гүлбарчын Жумабаева

Никелер жана зомбулук боюнча эксперт

Урматтуу окурман, өгөй апаңыз сизге жана синдиңизге карата зомбулук жасап жатат. Мындай зомбулук аракеттерин эч качан жашырбоо керек. Биздин өлкөдө "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзам бар. Ал мыйзамга ылайык, сиздин сиңдиңизди мектептеги "Жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү" же Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо органдары коргойт. Алар бир эле келип кетип калат деп коркпогула. Билдирүү жасагандан кийин, сиңдиңизди дайыма өз көзөмөлүнө алып, өгөй апаңызга карата иш-чараларды көрүшөт. Аны менен, атаңыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мыйзам сиздерди коргой тургандыгын түшүндүрөт. Буга бир эле милиция эмес,  билим берүү, саламаттыкты сактоо органдары дагы көзөмөл кылышат. Сиңдиңиз өспүрүм кыз экен, психологдун жардамына муктаж. Жогорудагы тескөөчү ( ИДН) жана башка органдар психологго көрсөтүшөт. Сиз өзүңүз азамат кыз экенсиз. Кеңеш сурап кайрылганыңызга ыраазычылык билдиребиз. Зомбулукту эч качан жашырбагыла! Унчукпай жүрө берсеңиздер, сиңдиңиз кийин  күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылышы мүмкүн. Ошондуктан жогорудагы органдарга дароо кайрылыңыз!

Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт