// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Журналист болсом дейм

Мен 18 жаштамын. Журналист болгум келет. Бирок менин окуганга шартым жок.  Билим албай туруп, иштей берсем болобу?  

Эксперттин жообу
29.06.2018, 13:25

Улан Эгизбаев

"Азаттык" радиосунун журналисти

Журналист болууну кааласаңыз, эң биринчи кезекте бирөөлөрдүн айтканын же агайлардын, эжейлердин сөзүн укпаңыз, жүрөгүңүздү гана тыңшаңыз. Анткени журналистика-бул жөн эле техникалык жумуш эмес, талантты талап кылган кесип. Ичиңизде чымын бар болсо, бул тармакты аркалап кете аласыз. Каалооңуз жок болсо жөн эле кыйналып каласыз. Анткени менин группалаштарым, журналистика бөлүмүн 5ке окуп, кызыл диплом менен бүтүп, бирок каалоосунун жоктугунан бул тармакта иштей алган жок. Журналистиканы үйрөнүп кетсе болот. Болгону талант, ичинде өзөгү болуш керек. Сөзсүз эле бул жаатта билим алыш керек дегенге кошулбайм. Өз дараметиңиз менен чеберчилик курстарга, мастер класстарга барып өздөштүрүп алсаңыз болот. Журналистикада-практика маанилүү. Сизге ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт