Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жөнүндө маалымат бересиздерби?
// //
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жөнүндө маалымат бересиздерби?
И. Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кабыл алуу комиссиясы:
Урматтуу абитуриент, биздин окуу жайга 9-июлдан баштап абитуриенттерди кабыл алуу башталат.
И. Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин
факультеттери:
• Унаа жана машина куруу факультети
• Энергетикалык факультети
• Технологиялык факультети
• Маалыматтык технологиялар факультети
• Инженер-экономикалык факультети
• Кыргыз-Герман техникалык институту
• Биргелешкен программадагы билим берүү институту
• Электроника жана телекоммуникация институту
КМТУнун лицейинде окуу бюджеттин жана келишимдин негизинде, орус жана кыргыз тилдеринде, күндүзгү жана сырттан (аралыктан билим берүү технологиясын колдонуу менен) жүргүзүлөт. Сырттан келген студенттер үчүн жатакана берилет. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен студенттер бюджеттик жана келишимдик формадагы окуу бөлүмдөрүнө кабыл алынышат. Негизги тесттен тышкары сөзсүз түрдө предметтик тесттин да жыйынтыгы каралат.
КМТУга кирүү үчүн төмөнкүлөрдү даярдоо керек:
1. Билими боюнча тиешелүү документ
2. ЖРТ сертификаты (негизги тесттен тышкары сөссүз түрдө предметтик тест)
3. Паспорт же абитуриенттин ким экендигин күбөлөндүргөн документ
4. Аскерге чакырылуучунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү (аскерге милдеттүүлөр үчүн)
5. Сүрөт 4 даана (3х4)
Дареги: Бишкек шаары, Чынгыз Айтматов проспектиси 66, 1/201 к.
Тел: 0(312) 54-19-21 (кабыл алуу комиссиясы) 0(312) 54-51-77 (кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы)
КМТУнун сайты: www.kstu.kg
Сизге ийгилик каалайбыз!