22 жаштамын. Ата-энем башка мамлекетте иштейт. Мен болсо Бишкекте окуйм. Бирөө мени урушуп же мага болушуп койсо эле, ызаланып ыйлай берем. Жадагалса ата-энем менен сүйлөшүп жатканда дагы ыйлап жиберем. Мен эмне кылганда бул адаттан арыла алам?
// //

Айгүл Ысыкеева
Психолог
Кымбаттуум, сизди бирөө катуу ыза кылган же ата-энеңизди сагынгансыз. Кичине эле айтылган сын сиздин жаралуу жериңизге тийет. Ата-энеңиз алыста болгондуктан сизге камкордук, сүйүү, мээрим, көңүл жетишпей жатат. Алар менен бирге болууну калайсың. сагынасың. Бул көптөн бери топтолуп келе жаткан ыза. Жакшысы сиз бул көрүнүш менен күрөшө аласыз. Ата-энеңизге ыза болуп, сагынып жатканыңызды айтыңыз. Алар сизди өздөрүнүн жанына алсын.