Жашоого болгон көңүлүм калып баратат. Эмне себептен экенин билбейм. Мага жардам бериңиздерчи.
// //
Жашоого болгон көңүлүм калып баратат. Эмне себептен экенин билбейм. Мага жардам бериңиздерчи.
Айгүл Ысыкеева
Психолог
Урматтуу окурман, менин баамым боюнча сиз депрессияга кабылгансыз. Баланын мындай абалга түшүп калуусуна ата-эненин ролу чоң. Кичинекей кезде ата-эне бала үчүн чечим чыгарып берет. Мисалы, “Күн суук, топуңду кий!”-деп буйрук беришет. Баладан “Үшүп жатасыңбы, топуңду киесиңби?”- деп сурап да коюшпайт. Топуну кийгиси келбегенин айткан күндө дагы кийгизип коёт. Мындай мамиле баланын чечкиндүү, эрктүү болуусуна терс таасир берет. Баарын ата-энеси чечип бергенге көнүп калган бала өз алдынча боло албай, депрессияга кабылат. Ошондой эле, сиз жашоого болгон кызыгууңузду жоготуп койгонсуз. Эмне үчүн окуш керектигин, эмне үчүн жашоонун керек экендигин билбей жатасыз. Менин кеңешим: Жашоонун маанисин табууга аракет кылып көрүңүз. Ал үчүн өзүңүз кызыккан, каалаган нерселерди кылыңыз. Мүмкүн учурда жасап жаткан жумушуңуз сизге жакпайт. Аны токтотуп башка ишти баштаңыз.
Психологго кайрылып көрүңүз!