// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жолдошум сабайт, бирок аны сүйөм

Жолдошум менен 5 ай мурун сот аркылуу ажырашкам. Себеби, ал мени сабап, жаман сөздөрдүн баарын айткан. Ортодо 11 айлык балабыз бар. Эми аны эстеп сагынып, элдешким келип жатат. Эмне кылсам болот? Аябай кыйналып кеттим.

Эксперттин жообу
26.06.2018, 14:59

Назира Абдумуминова

Юрист

Урматтуу окурман, сиз туура кылгансыз. Аялга бир жолу колун көтөргөн эркек дайыма кол көтөрөт. Атасы апасын урган үй-бүлөдө чоңойгон эркек бала келечекте зомбулукка жакын болуп өссө, кыз зомбулуктун курмандыгына айланышы мүмкүн. Анткени, зомбулукта чоңойгон балдар, ата-эненин мындай жүрүм-турумун нормалдуу нерсе катары кабыл алышат. Ошол үчүн балдарды тарбиялоодо ата-эненин жүрүм-туруму, жашоо образы чоң роль ойнойт. Чечимиңиздин аягына чейин туруңуз, убакыт дарылайт. Келечекте өзүңүздүн жана балаңыздын бактылуу болушуна кам көрүңүз. Эгер элдешүүнү кааласаңыз, күйөөңүз менен мындай зомбулуктун кайталанбашы жөнүндө сүйлөшүп, убадасын алыңыз.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
20.05.2019, 00:30

Жолдошум Ду суйом бирок коп урушабыз кееде сабайт эмне кылса болот ажырашсам уят 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
21.05.2019, 12:09

Сиз эмне боксёрская груша белениз сабаса с,да сабан.Сиз бул дуйнодо бир жолу жаралгансыз,ата-энениз сизди сабасын деп бериптирби? Самооценканы жогору коюн сизди урса урунуз,тепсе тебиниз аялдар алсыз эмес,ушундай алыныз жетпей кетса обувь же катураак тийген нерсе менен атып урунуз,пусть свое место знает ваш муж !!!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт