Кайын инимдин ата-энеси кичинекей кезинде ажырашып кетишкен. Чоң энеси багып чоңойтту. Атасы бир дагы жолу каралашкан эмес. 8-классты окуп жүргөндө чоң энеси каза болот. Кайын инимди жашап жаткан үйүнө мураскор кылып калтырам дечү экен. Учурда 22 жашта, үй-бүлөлү, бир баласы бар. Эки жылдан бери атасынын агасы кайын инимден үйдү талашып келет. Канткенде үйдү ала алышат?