18 жаштамын. Акыркы күндөрү жолдо баратып, жумуш жасап жатып, күзгүдөн каранып алып сүйлөнчү болдум. Муну көргөн ата-энем, көчөдөгү элдер таң калып карап калат. Бул эмне себептен болушу мүмкүн?
// //
18 жаштамын. Акыркы күндөрү жолдо баратып, жумуш жасап жатып, күзгүдөн каранып алып сүйлөнчү болдум. Муну көргөн ата-энем, көчөдөгү элдер таң калып карап калат. Бул эмне себептен болушу мүмкүн?
Айгүл Ысыкеева
Психолог
Урматтуу окурман, баардык эле адамдар өзү менен өзү маек курат. Кээ бирлери үнүн чыгарбастан ичинен сүйлөнсө, айрымдары добушун сыртка чыгарат. Добушуңузду өктөм чыгарып сүйлөп жатканыңыз, башкалар үчүн таңкалычтуу көрүнүш болот. Өзү менен сүйлөшүү кыла турган жумушуңду же алдыга койгон максатыңды тактап алууга жардамын берет. Бирок, сүйлөнүү адатка айланып кетиши ыктымал. Кээде сиздин ичиңиздеги эки тарапта пикир келишпестиктер болуп турат. Сизге бир эң эле жөнөкөй мисал келтирип берейин. Бир тарабыңыз: - “Мен балмуздак жейм”-десе, экинчи бир тарабыңыз: -“Акча коротуп балмуздак жеп эмне кыласың? Тамагың дагы ооруп калышы мүмкүн”- деп айтышы ыктымал. Сизде мындан да опурталдуу көйгөй болушу мүмкүн.
Эгер сизге өзүңүз менен сүйлөшүү ыңгайсыздык жаратса, психологдон жардам алыңыз.