Ажырашканыма үч жыл болду. Жолдошум ЗАГСты кырктырууга каршы. Алимент дагы төлөбөйт. Мамлекеттен материалдык жардам алуу үчүн кантип жалгыз бой эне болуп, балдарымды өзүмө каттатып алсам болот?
// //
Ажырашканыма үч жыл болду. Жолдошум ЗАГСты кырктырууга каршы. Алимент дагы төлөбөйт. Мамлекеттен материалдык жардам алуу үчүн кантип жалгыз бой эне болуп, балдарымды өзүмө каттатып алсам болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Никени бузуу боюнча сотко кайрылышыңыз керек. Сот жолдошуңузду чакырып териштирет. Жолдошуңуз каршылыгын айтса, үч ай мөөнөт берилет. Үй айдын ичинде ал сиз менен жарашпаса ЗАГС кыркылат.
Кыргыз Республикасынын админстративдик жоопкерчилиги жөнүндөгү кодекстин 424-беренесинин 5 пунктунун негизинде эки айдан ашык алимент төлөбөсө админстративдик жоопкерчиликке тартылат жана беш суткага камалат. Эгер дагы эле төлөбөсө кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликке тартылат. Ал үчүн сиз сот аткаруучуларга кайрылышыңыз керек.
Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы деп жазылып турган болсо анда жалгыз бой эне боло албайсыз. Мамлекеттен жардам алуу үчүн сот аткаруучуларынан “алимент төлөбөй жатат” деген кагаз керек болот. Ошол кагазды далил кылып жардам ала аласыз.