// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Насвайды таштагым келет

Тамеки же насвай деген жаман адаттардан кантип арылууга болот?

Эксперттин жообу
19.06.2018, 09:51

Өскөнбай Үсөнов

Нарколог

Бул жаман адаттардан арылууну чечсеңиз абдан жакшы. Бирок сизге сөзсүз наркологдун жардамы керек. Чылым чегүүдөн баш тартууга дарыканаларда сатылган таблеткалар, пластырлар жардам бербейт. Бекер чыгыша болбоңуз. Ар бир адамдын организми ар башка болгондуктан, дарылануу көз карандылык баскычына карата жеке жүрүшү керек. Ошол себептүү баш тартууну кааласаңыз атайын дарыгерлерге кайрылганыңыз туура.

Насвай жөнүндө айта кетсем, организим үчүн өтө кооптуу зат. Адамдын нерв системасына терс таасирин тийгизип, эс тутумун бузат. Ойлонуу, аң сезим начарлайт. Тиштердин курамын бузуп, коркунучтуусу ооз көңдөй рагына алып келет. Ар бир адамдын организмине жараша дарылоо курсу дагы ар кандай болот. Насвайга болгон көз карандуулук, чылымдан дагы күчтүү. Өз алдынча арыла албайсыз. Кеч боло элегинде наркологдорго кайрылсаңыз, насвайдан арылууга жардам беришет. Болгону ички кан тамырга бир ийне сайылат. Сизге ийгилик каалайм.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт