Чет өлкөлүк жарандарды жумушка тартууга кандай документтер керектелет?
// //
Чет өлкөлүк жарандарды жумушка тартууга кандай документтер керектелет?
1-кадам. Жеке өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу арыз менен кайрылуу.
2-кадам. Арызды каттоо, документтерди кабыл алуу жөнүндө тил кат берүү.
3-кадам. Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга квота алуу үчүн өтүнүчтөрдү (арыздарды) кароо боюнча ведемстволор аралык уруксат берүү комиссиясынын жыйыны.
Оң чечим
4-кадам. Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат алуу.
5-кадам. Мамлекеттик алымды төлөө.
Терс чечим
Беш күндүн ичинде баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу түрүндө кабарламаны алуу.
Миграция кызмат көрсөтүүсүн кабыл алуу жана кароо боюнча кызматтар – акысыз.
Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу маселелери боюнча консультацияны 0312 301117 телефону аркылуу, кызматтын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери беришет.
Уруксат документтерин берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген төлөм алынат (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 754 токтому).