// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жигитим менен кошулдум

Жигитим менен кошулгандан кийин кан чыкан жок. Кызыгы мурун эч ким менен болгон эмесмин, мастурбация дагы кылбагам. Мурун айылда окуп жүргөнүмдө, бизди гинеколог текшергенде баары жайында эле. Эмнеге кан чыкан жок, түшүнбөй жатам.

Эксперттин жообу
14.06.2018, 17:04

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Биринчиден кыздык белги баарында эле боло бербейт. Статистикага таянсак ар бир бешинчи же ар бир үчүнчү кыздын бирөөсүндө кан чыкпайт. Муну биздин кыргыз эркектери түшүнө бербейт. 30 жылдан бери кыздарды карап жүрүп, мен бул белги туралуу көп нерселерди биле алдым. Ошон үчүн мен көп кыздарга турмушка чыгып алып ыза болбой, эртең күйөгө тийем дегенде гинекологго текшерилип кеткиле деп айтам.

Бул шилтемеден кененирээк маалымат алсаңыз болот: https://bilesinbi.kg/article/124/  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт