Бул өмүрдө сүйүүгө сулуулук аркылуу жетсе болобу же жан дүйнө аркылуубу? Өзүм келишимдүү эмесмин. Көңүлүмө жаккан кыздар мени карабайт.
// //
Бул өмүрдө сүйүүгө сулуулук аркылуу жетсе болобу же жан дүйнө аркылуубу? Өзүм келишимдүү эмесмин. Көңүлүмө жаккан кыздар мени карабайт.
Тынчтык Бакытов
Психолог
Сүйүүгө жетүүнүн ар кандай жолдору бар. Келбет, сулуулук же жан дүйнө аркылуу гана жетсе болот деген даяр рецепт жок. Башка инсанды сүйүүгө багындыруу үчүн биринчиден өзүңүздөн баштоо керек. Өзүңүздү сүйө билбесеңиз башка адамды сүйүү татаал болот. Сиз “өзүм келишимдүү эмесмин” деп жатасыз. Бул ойлор кайдан жаралып жатканы тууралуу билип алышыңыз кажет. Биз кандай экенибизди көп учурда башка адамдар баамдап, баалап турушат. Бала чактан тарта ата-энебиз, анан туугандар, кошуналар, достор, классташтар биз сурабасак деле өз ойлорун айта беришет. Чечим чыгаруунун алдында ушул нерсени дагы анализдеп көрүңүз.
Баардыгыбыз билгендей “сулуулук” же “келбеттүүлүк” бул социалдык конструкт, башкача айтканда сулуулуктун атайын стандарттары жок. Ар бир адам уникалдуу болот, ошондуктан кайгыруунун кажети жок. Дүйнөдө 7 миллиард адам жашайт, ар бирибиз ар башкачабыз жана ар бир адам өз түгөйүн таба алат.
Сизде кошумча суроолор жаралса редакцияга кайрылыңыз!