// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Курбуларымдан кантип алыстайм?

Мен өзүмдү түшүнбөй баратам. Сабак окубайм, балдар менен сүйлөшөм. Буга менин курбуларым күнөөлүдөй. Себеби мен алар менен достошкондо бул жаман адаттар башталды. Эми алардын кантип алыстасам болот?

Эксперттин жообу
06.06.2018, 14:59

Айгүл Ысыкеева

Психолог

Кымбаттуум, адам баласы өспүрүм куракта сиз сүрөттөгөндөй өзүн жакшы түшүнө албай, сабактарына кызыгуусу өчүп, достук, кыз-жигит мамилеси биринчи орунга чыгат. Ошол эле учурда көңүлү бат-бат өзгөрүп, бирде күлүп, бирде маанайы түшүп, кабатырланып турат. Бул көрүнүш денесиндеги горманалдык өзгөрүштөргө байланыштуу. 12-19 жашка чейин өспүрүм курагы. Бул учурда баалуулук системасы өнүгүп-өсүп турукталат. Буга чейин өйдө-ылдый болот.

Сиздин сурооңузда жаман жактар деп эмнени эсептеп жатканыңыз түшүнүксүз. Уурулук, киши өлтүрүү, зомбулук, асоциалдык көрүнүштөр болбосо, жаман деп санаганга күмөн. Курбуларың дагы өспүрүм куракта сага окшоп кыйынчылыктан өтүп жатышат.

Адамдын мээсинде "күзгү нейрондору" деген бар. Мисалы, бирөө эстесе, жанында турган адам дагы эстеп баштайт. Күлсө, кайгырса, же жини келсе жанындагы адамдар кичинеден болсо дагы кошулат. Мындай кубулуш силердин мамилеңерде дагы болуп кетиши мүмкүн. Мунун баары нормалдуу көрүнүш.

Дос курбуларыңардан алыстабай эле, өзүңөрдү байкап көргүлө. Кайсыл учурда кошулууну каалабасаң, кошулбай кой. Өзүңдүн көңүлүңө кара. Бир нерсе кылаардын астында, бул менин баалуулуктарыма жарашыктуубу, бул мага пайдалуубу, мунун мага зыяны тийбейби деген суроолорду берип көр. Бара-бара жашоо тажрыйбаң байып, мүнөзүң туруктуу болуп түзүлүп бүткөндө, жоопкерчилик өнүккөн кезде, дасыккан адамга айланасың.

Коркпоңуз, сиздин жаш курагыңыз изденүүсү менен кызык.

Абдан кыйналсаңыз, психолгго кайрылыңыз. Сизге жардам берүүгө даярбыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт